Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Бишкектеги үрөй учурган мушташ. Эсин оодара тепкен окуя боюнча 2 киши кармалды
08.09.2025 | 10:00

Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү «Жаштар кварталы» турак жай комплексинде кишини сулата тепкен окуя катталды.
Октябрь РИИБнин маалыматы боюнча, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 40 жаштагы С.С. жана 37 жаштагы Л.Ю. кармалды. Ошондой эле «Майда бейбаштык» беренеси боюнча 36 жаштагы Р.Б. аттуу жаранга протокол түзүлдү.
Күбөлөрдүн айтымында, кол салган адам ак түстөгү Hyundai үлгүсүндөгү унааны айдап жүргөн. Азырынча ал изделүүдө.
Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп, видеодогу кишини аныктап жатканы кабарланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар