“Тазалыктын” жетекчиси Бишкектеги таштанды жайларынын алынышы боюнча түшүндүрмө берди

08.09.2025 | 18:15

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Reporter.kgге Бишкектин жеке секторунда таштанды таштоочу жайларды демонтаждоо иштери боюнча түшүндүрмө берди.

Эске сала кетсек, шаар тургундары контейнерлер жарактан чыккан жерлерде таштанды «тоолору» пайда болуп жатканына нааразы болушкан. Бул көйгөй борбор калаанын жеке секторлоруна тиешелүү. Эрежеге ылайык, бул жерлерде “Тазалык” ишканасынын техникалары үймө-үй кыдырып таштандыларды жыйнап кетет. Бирок алар жумасына бир гана жолу келет. Окурмандар тургундардын топтолгон таштандыларын чогултуу күндөрүн көбөйтүүнү суранышкан.

Бул эмне үчүн жасалып жатат?

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси Жолдош Чуштуков муниципалитеттин планына ылайык, борбор калаанын бардык жеке секторундагы таштанды таштоочу жайларды демонтаждап, толугу менен үймө-үй кыдырып таштанды чыгарууга өтүү пландалып жатканын, бул иш жумасына бир жолу жүргүзүлөрүн билдирди.

“Муниципалдык кызматтар келип, шаар тургундарынын үйлөрүнөн таштандыларды чогултуу дүйнөлүк практикада бар. Былтыр жана быйыл жазда Бишкектин бир катар конуштарындагы таштанды челектерин демонтаждадык. Азыр бул иштер шаардын түндүк тарабында, башкача айтканда, Жибек Жолу проспектисинин ылдый жагында жүрүп жатат”, — деди Чуштуков.

Аянтчалардын ордунда үйүлгөн таштандылар пайда болду

Тургундар топтолгон таштандылар демонтаждалган контейнерлердин ордунда калып, таштанды төгүүчү жай пайда болуп жатканына туш болууда. Таштанды салынган баштыктарды иттер сүйрөп кетишет, алар өзгөчө жеке сектордо көп. Ошентип таштанды айланага чачылып жатат.

Тургундар “Тазалык” ишканасы таштандыларды жумасына бир жолу, бирок сутканын ар кайсы маалында чогултаарын айтып нааразы. Бул адамдар короосундагы таштандыларды чыгаруу үчүн үйдө болбой калышы мүмкүн дегенди билдирет. Ал эми таштанды баштыктарын жол боюна калтыруу жолбун иттердин айынан кооптуу болууда. Андыктан тургундар муниципалдык кызматтардан жума сайын таштандыларды үймө-үй кыдырып чогултууну көбөйтүүнү суранышууда.

“Учурда демонтаждалган жерлерге көзөмөл камераларын орнотуп, уруксатсыз төгүлгөн таштандыларды болтурбоо боюнча элменен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, албетте, жашоочулар көнүп калганга чейин күн сайын үйүлгөн таштандыларды чогултабыз”, – дейт «Тазалык» ишканасынын жетекчиси.

“Жарандардан таштандыларды мындай жайларга таштабай, короолоруна чогултуп, белгилүү бир күнү алып чыгууну суранабыз. Бир жума бою таштанды сактоого мүмкүнчүлүгү жок барак тибиндеги үйлөр бар.Алар үчүн бул үйлөрдүн жашоочулары гана колдоно турган жабык контейнерлерди уюштурууга убада бердик. Башкаларга кирүүгө болбойт”, – деп кошумчалады Чуштуков.

Аткаминердин айтымында, учурда жеке сектордо таштанды чыгаруу күндөрүн көбөйтүү мүмкүн эмес. Буга жакынкы айылдарды борбордун карамаганына кошуу менен борбордун аймагын кеңейтүү себеп болууда. Бүгүнкү күндө Бишкектин 90 пайызы жеке сектор бар.

“Тазалык” эмне сунуштайт?

Муниципалдык ишкана шаар тургундары үчүн бир чечимге келди — «Тазалык» ишканасы ар кандай сыйымдуулуктагы желим идиштерди 2000 сомдон 5500 сомго чейин сатат. Аткаминердин айтымында, алар бышык, герметикалык жана кыймылга ыңгайлуу болгон дөңгөлөктөр менен жабдылган.

Мындан тышкары бул контейнерлер айрым банктардын жардамы менен калктын аярлуу катмарына бекер таратылууда. Жолдош Чуштуков Бишкектин жеке секторунун жашоочулары жаңы шарттарга көнүп, “Тазалык”ишканасынын инновацияларын колдонот деген ишенимин билдирди.

Scroll to Top