Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Бишкекте жана Чүйдө кредиттик каражаттардын эсебине мектептерди куруу пландалууда
09.09.2025 | 10:29

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун мамлекеттик мектептерди куруу боюнча келишиминин экинчи фазасынын долбоору каралып, колдоо тапты. Анын алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жети жаңы билим берүү мекемесин куруу каралууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулунун айтымында, биринчи фазада 30 миллион доллар бөлүнүп, анын негизинде 28 мектеп жана 2 бала бакча курулган. Экинчи фаза боюнча 50 миллион доллар 25 жылга, жылдык 1,5 пайыздык үстөк менен жана беш жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилери күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом