Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Бишкекте X Эл аралык «IMPULSE» театр фестивалы өтөт
09.09.2025 | 13:44

16–23-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы А. Умуралиев атындагы драма театрында кичи формалар боюнча X Эл аралык «IMPULSE» театр фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга Кыргызстандан, ошондой эле Грузия, Израиль, Косово, Орусия, Казакстан, Чехиядан келген драма искусствосунун кесипкөйлөрү жана таланттуу инсандары катышат.
Иш-чаранын башкы максаты – кыргыз театр өнөрүн дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо, сахна чеберлеринин ортосунда чыгармачылык диалогду өнүктүрүү жана көрөрмандарды театр искусствосунун жаңы багыттары жана тенденциялары менен тааныштыруу.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы