Курсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулат
Жакынкы Чыгыштагы согуш: Ислам дүйнөсү Дохада тынчтык боюнча сүйлөштү
15.09.2025 | 10:00

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин өзгөчө сессиясына катышты.
ТИМдин маалыматына ылайык, жыйында Катардагы акыркы окуялар жана Газа секторундагы абал талкууланды.
Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотуу, аймакта туруктуу тынчтык орнотуу үчүн координацияны күчөтүү жана биргелешкен кадамдарды иштеп чыгуу маселелери боюнча пикир алмашышты.