Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 1 триллион сомдон ашты – Касымалиев

16.09.2025 | 11:34

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь–август айларында өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү.

Өсүү темпи 10%дан ашып, реалдуу өсүш 11% болду. Өсүштүн негизги булактары:

  • курулуш – +34,8%
  • тейлөө тармагы – +9,5%
  • айыл чарба – +2,4%
  • өнөр жай – +11,6%

Айрым тармактарда өзгөчө жогорку көрсөткүчтөр катталды:

  • фармацевтика – 2,2 эсеге
  • тамак-аш өндүрүшү – +44,4%
  • резина, желим буюмдары жана курулуш материалдары – +32,2%
  • химиялык продукция – +22,8%
  • текстиль жана тигүү – +7,1%
  • тоо-кен өндүрүшү – +15,5%

Инвестициялардын көлөмү да өсүп, 166 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20,1%га көп. Инвестициянын 30%ы республикалык бюджеттен каржыланган (49,3 млрд сом), бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көп.

Касымалиев белгилегендей, инфляциянын деңгээли 5,1%ды түздү. Ошондой эле ал мамлекеттик органдарга азык-түлүк бааларына тыкыр мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

“Биз товарлардын бааларынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек”, — деди ал.

Scroll to Top