Бишкекте жеңил унаа фура менен кагышып, экиге бөлүнүп кетти. Жабыркагандар бар

19.09.2025 | 10:21

Бишкекте коркунучтуу жол кырсыгы болуп, 20 жаштагы жигит ооруканага түштү. Кырсык кечээ, 18-сентябрда, саат 14:45 чамасында Лев Толстой көчөсүндө болгон. Жүк ташуучу фура менен Mazda кагышып, анын кесепетинен жеңил унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматына ылайык, 20 жаштагы Mazda Demio үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Лев Толстой көчөсү менен бара жатып, Чокан Валиханов көчөсү менен кесилишке жетпей көпүрөдөн түшүп келе жатканда рулга ээ боло албай, каршы тилкеге чыгып, фура менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын, ичи жана көкүрөк клеткасы жабыркаганын аныкташкан. Унаалар айып токтотуучу жайына киргизилип, бардык зарыл экспертизалар дайындалган.

Scroll to Top