Кыргызстан менен ЕККУ тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча кызматташат

Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы программалык кеңсесинин жетекчиси Фолькер Фробарт менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Динара Кемелова Фолькер Фробартты бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашырууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы үзгүлтүксүз жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирген.
Жолугушууда тараптар тоолуу аймактарда жашаган калктын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышышкан. Ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши, органикалык өндүрүштү жана тоо продуктуларын өнүктүрүү, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана тоолуу аймактарда жашаган калкты колдоо маселери талкууланган.
Өз кезегинде Фолькер Фробарт илимий жана билим берүү долбоорлоруна, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүнө жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин терең изилдөөгө токтолгон. Ал ЕККУнун кеңсесинин Тоолуу аймактар боюнча беш жылдык жол картасын ишке ашырууда кызматташууну илгерилетүүгө даярдыгын билдирген.