Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

25.09.2025 | 09:09

Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөргөнүн президенттик администрация кабарлады.

Жолугушуунун алдында мамлекет башчысы БУУнун Ардактуу коноктор китебине колтамга калтырды.

Антониу Гутерриш Кыргызстандын Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун жогору баалап, өлкөнүн акыркы жылдардагы өнүгүү темпине токтолду. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров БУУнун түзүлгөнүнө 80 жыл толушу менен куттуктап, Кыргызстан Уюмдун баалуулуктарын жана максаттарын бекем карманарын белгиледи.

Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшү, жакырчылык, жаңжалдар жана теңсиздик сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук менен кызматташууну улантаарын баса белгиледи. Ошондой эле ал Антониу Гутерришти 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган «ШКУ+» саммитине катышууга чакырды.

БУУнун башкы катчысы чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, саммитке катышууга даяр экенин билдирди.

Scroll to Top