Маданий мекемелерге 39 кичиавтобус тапшырылды

Кечээ Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев министрликке караштуу билим берүү жана театр-оюн-зоок мекемелеринин жетекчилерине 39 кичиавтобустун ачкычын тапшырды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын июль айында министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы 72 унааны (анын ичинде 5 чоң автобус, 10 орто автобус жана 57 кичиавтобус) аталган министрликке өткөрүп берген.
“Жаңы транспорт каражаттары маданий иш-чаралардын, фестивалдардын жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун арттыруу үчүн пайдаланылат. Ошондой эле аймактардагы логистиканы жакшыртып, маданий жана жаштар демилгелерин ыкчам жүзөгө ашырууга шарт түзөт”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.