VII чакырылыштын тарыхый чечими: ЖК эмне себептен өзүн-өзү таркатты?

Кечээ, 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алды. Бул окуя Кыргызстандын парламентинин тарыхында алгачкы жолу депутаттар өз эрки менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учур болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 84 депутат бул чечимди колдогон. VII чакырылышка бир катар жаш активисттер, бизнесмендер, блогерлер жана оппозиционерлер да шайланган. Бирок жасалма дипломдордун чуусу, добуш сатып алуу, мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан учурлар да болду. Төрага алмашуулар болду: алгач Талант Мамытов, кийин Нурланбек Тургунбек уулу төрага болуп шайланды. Эгемен Кыргызстандын тарыхында буга чейин парламенттер президенттин жарлыгы (1994, 2007-жылдары) же Убактылуу өкмөттүн декрети (2010-жылы) аркылуу гана таратылган. VII чакырылыштын чечими өзгөчө — азыркы Баш мыйзам президентке парламентти таратуу укугун бербейт. Демек, бул жолу чечимди эл өкүлдөрү өз алдынча кабыл алды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул кадамды “өлкөнүн кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюу” деп атады.
“Жеке кызыкчылыгыбызды ойлосок, дагы бир жыл иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Бирок мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, ушундай чечимге келдик”,-деди ал.
Төрага, бул чечимге президент, министрлер кабинети же башка сырткы күчтөр таасир этпегенин кошумчалады.
VII чакырылыш эмне иш кылды?
Төрт жылдык ишинде VII чакырылыш бир катар тарыхый маанидеги мыйзамдарды кабыл алды:
• Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо;
• Кумтөр кенине байланышкан чечимдер;
• Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорунун ратификациясы;
• Мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзам;
• Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам;
• Репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам.
Мындан тышкары, аймактык-административдик реформага байланышкан документтер да кабыл алынды.
Парламенттин өзүн-өзү таркатуу чечимине карата депутаттар ар түрдүү пикир билдиришти. Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков парламенттин экономикага кошкон салымына токтолду.
“Өкмөт тарабынан сунушталган экономикага дем берген мыйзамдарды кабыл алып бердик. Менин оюмча, VII чакырылыш дал ушул аракеттери менен эсте калат”,-деди ал.
Депутат Улан Примов болсо парламенттин чечимин тарыхый кадам катары деп эсептээрин айтты.
“Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу өзүн-өзү таркаткан чакырылыш болуп тарыхта калабыз”,-деди.
Ал эми Надира Нарматова сын айткан депутаттардан болду.
“Вице-спикерлер менен комитет төрагалары кетебиз деп демилге көтөрүп жатышат. Эгер кеткиси келсе, жеке арызын жазып эле кетсе болмок. Аркасында күтүп отурган талапкерлер бар. Элдин алдында эми кантип мага добуш берип кой деп барасыңар, моралдык жоопкерчиликти да ойлош керек”,-деп кескин айтты.
Элмурза Сатыбалдиев болсо жаңы муунга орун бошотуу зарылдыгын белгиледи:
“Биз эскирдик. Менин жашым жетип калды, ой-жүгүртүүбүз да эскирди. Эми жаштар келсин. Өзүм эми шайлоого катышпайм”,-деп жыйынтыктады депутат.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Ал эми БШК билдиргендей, саясий партиялар үч күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Спикер шайлоонун адилет өтөрүнө кепилдик берип:
“Президент да, төрага да, генерал да талапкерге бата бербейт. Батаны эл гана берет. Шайлоо таза өтөт, эч кимге бут тосуу болбойт”,- деди.
Ал талапкерлерди кара пиардан алыс болуп, бири-бирине урмат менен мамиле кылууга чакырды.

Коомчулукта бул чакырылыштын ишине баа ар түрдүү болууда. Кээ бирлер чек ара, Кумтөр, тил жана темир жол маселелеринин чечилгенин чоң жетишкендик деп эсептесе, айрымдар ички саясий оюндарды, жоопкерчиликсиз кадамдарды сынга алышууда.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда таркашы саясий жоопкерчиликпи же саясий оюнбу? Бул суроого жоопту тарых менен элдин баасы берет. Эми чечим элде. 30-ноябрдагы шайлоо Кыргызстандагы демократиянын деңгээлин, элдин бийликке болгон ишенимин жана саясий маданиятты кайрадан сыналчу учур болуп турат.