«Үч-Коргон» суу сактагычы: Сугат системасы жаңыланып, 817 гектар жер сугарылат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири сезондук жөнгө салуучу бассейн «Үч-Коргон» суу сактагычынын курулушу аяктап баратат.
Иштер 2023-жылы башталган, бүгүнкү күндө алардын 95 % бүткөрүлгөн

Курулуш-монтаждоо иштерин «КыргызЭнергостроймонтаж» компаниясы жүргүзүүдө. Долбоордун жетекчиси — Алтынай Абдыкеримова, Кыргызстанда жана Борбор Азияда суу сактагыч куруп жаткан алгачкы аял.

Долбоордун максаты — аймактагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу. Жаңы бассейндин аркасында төмөнкү иштер орун алат:
• кошумча 817 гектар жаңы сугат жерлер пайдаланууга киргизилет;
• учурдагы 5 миң гектардан ашуун жерлердин суу менен камсыздалышы жакшыртылат.
Объекттин негизги параметрлери:
• Бассейндин көлөмү – 4,3 млн м³;
• Платинанын бийиктиги – 15 м, узундугу – 592 м;
• Суу өткөрүүчү каналдын өткөрүмдүүлүгү – 17,7 м³/сек;
• Жолдун узундугу – 2,62 км, суу өткөрүүчү курулмалар менен;
• Электр тармактары тартылып, платинанын гребенин жана эксплуатациялык участогун жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.

Долбоорду ишке ашыруу Тоң дарыясынын агымын натыйжалуу жөнгө салууга, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана аймактагы айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Үч-Коргон» суу сактагычы— бул аймактын азык-түлүк коопсуздугуна жана туруктуулугуна болгон инвестиция. Иштер эл аралык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө, жаңы жумуш орундарын түзөт жана жакынкы аймактардын инфраструктурасы жакшыртылат.