Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушу башталды

29.09.2025 | 10:27

Ысык-Көл облусунда Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда өлкө тарыхындагы эң ири жана татаал тоннелдердин курулушуна расмий старт берилди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, иш-чарага министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Белгилей кетсек, 27-августта Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Бедел» көзөмөл өткөрүү пунктуна алып барчу автожолдун курулушуна Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда старт берилген.

Курулуп жаткан тоннелдер:

  • «Сөөк» ашуусунда – узундугу 5 340 м,
  • «Ашуу-Суу» ашуусунда – узундугу 3 840 м.

Бул объекттер Кыргызстандагы эң узун жана техникалык жактан татаал тоннелдер болуп саналат.

Курулуштун мааниси:

  • Убакытты үнөмдөйт,
  • Жол кыймылынын коопсуздугун арттырат,
  • Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдайт.

Долбоор боюнча башка иштер:

  • Жолдун жалпы узундугу – болжол менен 150 чакырым,
  • Көпүрөлөр, кар көчкүдөн сактоочу галереялар, сел жана таш кулоодон коргоочу тосмолор курулат,
  • Жол жүрүүчүлөр үчүн керектүү объекттер каралат.

Учурда:

  • 287 адис жана 162 атайын техника тартылган,
  • Куруучулар үчүн бардык шарттары бар 4 лагерь салынган.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, курулуш иштери Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен жүргүзүлүп, сапаттын эң жогорку стандарттарына жооп берүүгө тийиш.

Scroll to Top