Кыргызстанда насыялардын пайыздык чендери төмөндөтүлөт жана айып пулдарга чектөө киргизилет

29.09.2025 | 16:46

Жогорку Кеңеш керектөөчү насыялоо боюнча мыйзам долбоорун карады. Ал пайыздык чендерди төмөндөтүүнү жана айып пулдардын өлчөмүнө чектөө киргизүүнү карайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирген.

Парламентарийдин айтымында, бул демилге насыя алуучулардын укуктарын коргоого жана каржы уюмдарынын ашкере пайда табууга болгон аракеттерин чектөөгө багытталган.

Мыйзам долбооруна сунушталган негизги өзгөртүүлөр:

  • Керектөөчү насыялар боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү. Күнүмдүк эң жогорку чен 0,08% менен чектелет, бул жылдык эсепте 29,2% түзөт. Жылдык ченди эсептөө формуласы да өзгөрөт: эми ал «Улуттук банктын эсептик чени (азыркы учурда9,25%) + 12%» болуп эсептелет.
  • Ростовщиктик ишмердүүлүккө карата шарттарды катаалдатуу. Бул сектор үчүн Улуттук банктын негизги ставкасына максималдуу үстөк акыны 15 пайыздан 12 пайыздык пунктка чейин төмөндөтүү пландаштырылууда. Айыптарды жана жыйымдарды чектөө. Эми алар насыянын негизги суммасынын 60% менен чектелет.

“Көптөр  бул көп деп айтышы мүмкүн, бирок азыр кээ бирлери 100%дан ашты. Ошондуктан бул олуттуу кыскаруу”, – деп баса белгиледи Бекешев. Ошондой эле депутат бул демилгеге саясий баа берип, аны алдыдагы шайлоолор менен байланыштырып өттү.

«Шайлоонун алдында парламент банктар менен микрофинансылык уюмдарга камчы берип, шайлоочуларга болсо — пряник тартуулап жатат», — деп жыйынтыктады ал.

Scroll to Top