Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Орусия менен оюн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт
29.09.2025 | 20:00

Кыргызстандын Футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев улуттук курама Орусияга каршы жолдоштук оюнун келерки жылы өткөрүүнү талкуулашы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» жазып чыкты.
«Биздин курама команда келерки жылга пландарын түзүүдө. Эгер Орусия курамасына каршы жолдоштук оюн өткөрүү маселеси күн тартибине коюлса, биз бул боюнча талкуулайбыз. Биз ОФБдин өкүлдөрү менен ар кандай маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштабыз. Бирок жолдоштук оюну тууралуу маселе азыркы күн тартибинде болгон эмес. Эгер мындай маселе келип чыкса, талкуулайбыз”,- деген Букуев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат