Бекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 12 адамга жетти
21.03.2020 | 09:22
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 12 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта өтүп жаткан брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков айтты.
Ооруну жаңы жугузуп алгандыгы аныкталган алты адамдын бешөө Сузак районунун тургуну болсо, бирөө Баткен облусунун тургуну. Алардын бары Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген.
Буга чейин умрадан келген Сузак районунун 3 тургуну жана Ноокат районунун 3 тургуну ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган. Мындан улам аталган эки районго өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар