Бишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтотту«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирдиБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуАбсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду
Жылдын мыкты мугалими» наамын жеңген мугалимге батир берилди
04.10.2025 | 15:26

Бүгүн министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун баш байгесин жеңген Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырды.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмөталиев атындагы №22 Долон орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Ошондой эле сынакта ар бир предмет боюнча мыктылык көрсөткөн 10 мугалимдин ар бири президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.
Иш-чарада министрлер Кабинетинин төрагасы мугалимдердин билим берүү тармагына кошкон салымы жогору бааланып, аларга ыраазычылык билдирди.