Кыргызстан менен Иран маданий кызматташтыкты бекемдөөдө

Испаниянын Барселона шаарында өткөн Mondiacult 2025 конференциясынын алкагында Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Ирандын маданият жана ислам жетекчилиги министри Сейед Аббас Салехи жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган негизги маселелерди талкуулашкан. Айрыкча тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү жана кинематография тармагындагы кызматташтык боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Сейед Аббас Салехи Кыргызстанда табылган фарсы кол жазмаларын изилдөөгө ирандык тараптын кызыкдар экенин билдирген.
Өз кезегинде Мирбек Мамбеталиев 2026-жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кыларын маалымдап, Иранды ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жолугушуусуна катышууга чакырган. Ошондой эле министр 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Иранды ардактуу конок болууга чакырган.
Жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.