Токтогулда билим берүү жетекчилери пара талап кылуу шеги менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерин системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармаганын билдирди.
Маалыматка караганда, жарандардын көп жолу кайрылууларынан кийин жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Нурпейилим» бала бакчасынын мурдагы башчысы Т.Э.С., ошондой эле Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана адистери А.К.Б. менен С.Д.К. кармалган.
Тергөөдө аныкталгандай, алар мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоодо опузалап акча талап кылып турушкан.
УКМКнын маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу иштери тынымсыз улантылууда. Бирок айрым кызматкерлер мыйзам талаптарын одоно бузуп, мыйзамсыз иштерге барууну токтото элек.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.