Салык кызматкерлери курал алып жүрүшү мүмкүн — жаңы башкармалык түзүү сунушталдыЖапониялык ишкана Кыргызстандагы мектепте өзүнүн STEM долбоорун сынайтЧынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болдуДанияр Амангелдиев ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен сүйлөштүБалдарга арналган «Манас, Семетей, Сейтек» китеби жарык көрдүКММАнын окутуучусу 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Көңүл буруңуздар! Мэрия конуш тургундарына кайрылат
06.10.2025 | 17:50

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы конуштарда жүргүзүлүп жаткан бузуу иштеринин убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгына ылайык кабыл алынган жана жылытуу сезону алдында тургундардын турак жайсыз калуусуна жол бербөө максатында ишке ашырылууда.
Муниципалитет тургундардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүдө.
Мэрия шаар тургундарын курулуш жана жер пайдалануу тартибин сактоого чакырат:
- жер тилкелерин өз алдынча ээлебөөгө,
- уруксатсыз жеке турак үйлөрдү курубоого,
- муниципалдык аймактарды мыйзамсыз кеңейтпөөгө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом