Бишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдө
Кечээ болгон жер титирөөдөн турак жайлар жана соцобъекттер жабыркаган
07.10.2025 | 09:59

Кечээ, 6-октябрда, болгон жер титирөөнүн кесепетинен Жалал-абад жана Талас облустарында турак жайлар жана социалдык объектилер жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, 1 балдар бакча, 2 ФАПтын имаратынын дубалдарынан майда жаракалар кеткен. Анын ичинен:
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 1 мектеп, 1 бала бакча, 6 турак үй жана 2 ФАП жабыркаган.
- Талас облусунун Айтматов районунда 2 мектеп, 1 мептеп-интернат жабыркаган.
Эске сала кетсек, 6-октябрда түнкү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар