Бишкек менен Чүйдө майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу салынды

07.10.2025 | 10:27

Өкмөт Бишкек шаарында менен Чүй облусунун аймагында майда көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети 2025-жылдын 6-октябрында «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтом кабыл алган. Ага ылайык, жылуулук берүүчү ишканаларга жеткирүү учурларын кошпогондо, Бишкек менен Чүйдө 0–13 мм фракциядагы чачма көмүрдү (майда көмүрдү) алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынды.

Мындай чечим атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана калктын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

“Бул фракциядагы чачма көмүр (көбүнчө «отсев» деп аталат) 13 ммге чейинки майда көмүр бөлүкчөлөрүнөн турат. Ал арзан болгону менен, көп чаң чыгарат, тез күйүп кетет жана атмосфераны кошумча булгантууга алып келет. Ошондуктан аны үй шартында колдонуу сунушталбайт”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top