Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
ТМУнун саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
07.10.2025 | 22:39

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө түрк мамлекеттеринин лидерлери уюмдун алкагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюшту.
Атап айтканда, саммиттин жыйынтыгында төмөнкү документтер кабыл алынды:
- Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;
- «ТМУ+ (OTS Plus)» форматын баштоо жөнүндө чечим;
- Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.
Бул документтер түрк мамлекеттеринин көп тараптуу кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга, маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.