Тоо койнундагы Нарын шаарынын тарыхы

Орто Азиянын көпчүлүк шаарлары сыяктуу эле, Нарын шаары да Чыгыш Түркстандан (Кашгар) Орто Азияга жүргүзүлгөн соода жолдорун бекемдөөдө пайда болгон. XIX кылымдын 30-жылдары бул жерде Кокондуктардын чеби негизделген. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, өзбек, дунгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода-сатык жүргүзүшкөн. Ал айыл жай өсүп, 1903-жылы 875 адам жашаган. Айыл Кашкар тарапка товар жөнөтүүгө ыңгайлуу жай болгон.
1863-жылы чепти орус аскерлери басып алган. Кийин ал кайрадан Кокондуктарга өткөн. Чеп 1867-жылы гана биротоло бошотулуп, ал жерге 100 казак-орус аскерлеринин кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. 1868-жылы Орто Азиянын Орус империясына кошулушу менен бул жерге орус гарнизону жайгашкан жана ошол учурдан шаардын курулушу башталган.
Шаар калкынын бир бөлүгү мал багып, мал чарба продукциялары жүн, тери, кийиздерди Фергана өрөөнүнө кол-өнөрчүлүк аспаптарына алмашып турушкан. Нарын соода пункту катары гана өскөн. 1913-жылы мында 1500 киши жашап, 139 соода пункту бар болгон. Соодагерлерди тейлеген 3 ресторан, чайкана, кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигүүчү, шайман оңдоочу, 5 кустардык жеке менчик мастерской иштеген. Чиркөө, мечит, почта, лазарет болгон. Башталгыч окуу жайында 12 бала окуган.
Советтик бийлик доорунда
1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин Нарын шаары Кызыл армиянын көзөмөлүнө өткөн. 1920-жылы бул жерде советтик аскерлер менен ак гвардиячылардын кагылышуусу болуп өтөт. Кан төгүлгөн согуштан кийин гана шаарда совет бийлиги орногон. Нарын 1918-жылы уезддин, 1926-жылы кантондун, 1939-жылы облустун борбору болгон.
1939-жылга чейин шаар негизги планы жок курулуп келген. Негизги пландын алгачкы схемасы 1939–1940-жылдары түзүлгөн. Ал 1950-жылы толук иштелип чыгып, анда шаар аймагынын зоналарга бөлүнүшү, көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу, шаардын борбордук болугун реконструкциялоо каралган.
Акыркы негизги план 1979-жылы түзүлгөн. Анда шаар курулушун Нарын дарыясынын табигый ландшафтын бойлой өнүктүрүү долбоорлонгон. Шаардын композициялык борборун В. И. Ленин атындагы борбордук аянт түзгөн. Борбордук аянтка уланып музыкалык драма театры жана маданият үйү жайгашкан.
Нарын шаары эгемендик жылдарында
1997-жылы 15-апрелде шаардын герби бекитилген. 1997-жылдын 5-сентябрында Нарын шаардык Кеңешинин XII сессиясында Нарын шаарынын салтанаттуу гимни кабыл алынган.
Бүгүнкү күнү Нарын шаары Нарын эркин Экономикалык зонасында жайгашып, Нарын облусунун маданий-административдик борбору болуп саналат. Дал ушул жерде мамлекеттик, жеке жана коомдук уюмдардын шаардык жана аймактык баш ийүүсүндө башкы кеңселери, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү, Торугарт бажы башкаруусу жайгашкан.