Кыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды
Овсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлору
16.10.2025 | 23:46

Интернетте Ярослав Овсюк Бишкектин соода жана оюн-зоок борборлорун бутага алганын айткан жаңы видео тарады.
Видеодо ал борбор калаадагы бир катар ири соода борборлорунун атын атап өткөн — “Бишкек Парк”, “Азия Молл”, “Дордой Плаза”, “ГУМ Чынар”, “Вефа Центр”, “ЦУМ Айчүрөк” жана “Бишкек Сити”.
Ошол эле учурда, Ички иштер министрлиги Овсюктун Кыргызстанда экендиги тастыктала элек экенин билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин интернетте Украина жараны Ярослав Овсюкка окшош адамдын Бишкектеги мектептерде окуучуларды өлтүрөм деп коркуткан видеосу тараган.
Мунун айынан коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Бишкектеги билим берүү мекемелери 17-октябрдан баштап онлайн форматка өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар