Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
Сүйүүнү даңазалаган “Жамийла” мюзикли көрүүчүлөргө тартууланууда
17.10.2025 | 09:55

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын сахнасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Жамийла» мюзикли көрүүчүлөрдүн сынына сунушталды.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, мюзиклдин экинчи күнкү көрсөтүүсүнө министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирге катышты.
Ч.Айтматовдун классикалык чыгармасынын негизинде даярдалган спектакль кыргыз адабиятынын жана маданиятынын бай мурасын заманбап формада чагылдырды. Театр, музыка жана бийдин айкалышы аркылуу чыгарма сүйүү, берилгендик жана руханий тазалык темаларын терең ачып берет.
«Жамийла» мюзикли көрүүчүлөргө 17-октябрга чейин тартууланат.