Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Садыр Жапаров Ош жана Новопокровкадагы кырсыктарда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты
22.10.2025 | 12:20

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында өрттөн 5 баласы менен каза болгон аялдын жана Новопокровка айылындагы газоблок заводундагы жарылуудан каза болгон эки адамдын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Өлкө башчысы өз кайрылуусунда:
“Сиздердин аза-кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Жараткан силерге сабырдуулук жана бул оор жоготууларды көтөрүүгө күч-кубат берсин, ал эми маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун”, — деди.
Мындан тышкары, Президент мамлекеттик органдарга каза болгондордун жакындарына зарыл жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тиешелүү кызматтарга сууктун түшүшү менен өрт коопсуздугу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом