Садыр Жапаров Сузакта 945 батирден турган “Асман Резиденс-4” комплексин ачты
Президент Садыр Жапаров Сузак районунун Ленин айылындагы “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылышына катышты.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, турак жай Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган.
Комплекс тогуз кабаттуу 12 блоктон туруп, жалпы 945 батирди камтыйт. Анда 172 жер астындагы жана 514 жер үстүндөгү автоунаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана воркаут-зона каралган.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат жигердүү жана ырааттуу ишке ашып жатканын белгиледи.
“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2015-жылы 10 млн сом болсо, бүгүн 87,5 млрд сомго жетти. Азыркыга чейин 13 миңден ашык үй-бүлө батирге ээ болду, дагы 69 миңден ашык жаран кезекте турат,” — деди Жапаров.
Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы Манас шаарындагы №1 мектептин мугалими Сейдеке Эргешовага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.
“Биздин максат — ар бир муктаж үй-бүлө өзүнүн уюткулуу очогуна ээ болушу. Мамлекет бул багытта бардык күч-аракетин жумшайт,” — деди президент.



