Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Улуттук банк инфляцияны басаңдатуу үчүн эсептик ченди 10%га чейин жогорулатты
28.10.2025 | 12:50

Кыргызстандын Улуттук банкы инфляцияны көзөмөлдөө жана баанын өсүшүн басаңдатуу максатында эсептик ченди 9,25%дан 10%га чейин жогорулатты.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул чечим ички жана тышкы инфляциялык факторлорду талдоонун негизинде, ошондой эле келечекке багытталган акча-кредит саясатын эске алуу менен кабыл алынды.
Учурда өлкөдөгү жылдык инфляция 8,4% деңгээлинде. Улуттук банк аны 5–7% чегинде кармоону максат кылууда.
Эсептик чен — банктар үчүн акчанын наркын аныктоочу негизги көрсөткүч. Чен жогорулаганда банктар үчүн акча кымбаттап, натыйжада калк жана бизнес үчүн насыянын пайызы өсөт.