Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
Ошто өрттөнгөн көп кабаттуу үйдүн чатырын жабуу иштери башталды
29.10.2025 | 13:44

Ош шаарында өрттөнүп кеткен көп кабатуу үйдө тазалоо иштери бүтүп, чатырын жабуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерин мэр Жеңишбек Токторбаев көзөмөлдөөдө.
Эскерте кетсек, 19-октябрда, Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу үйдө өрт чыгып, 6 батир күйгөн. Өрттөн жалпысынан 1800дөн ашык чарчы метр жер күйүп кеткен.
Мэр күйүп кеткен үйлөрдү президенттин тапшырмасы менен Ош шаарынын мэриясы калыбына келтирерин билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом