Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Бишкекте жылытуу 3-ноябрдан тарта берилет
31.10.2025 | 11:10
Аба ырайынын божомолуна таянып, мэрия жылытуу сезонун 3-ноябрда баштоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине мэриядан билдиришти.
Жылуулук алгач социалдык объекттерге — мектептерге, бала бакчаларга, оорукана жана төрөт үйлөрүнө, ошондой эле социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке сектор кошулат.
Белгилей кетсек, кийинки жумада абанын температурасы нөлдөн төмөн түшөт деп күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом