Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Көк-Жар айылында «тез жардам» жөө өткөөлдөн өтүп бараткан эркекти сүзүп алды. Ал ооруканада каза болду
31.10.2025 | 11:03
Көк-Жар айылында «тез жардам» унаасы жөө өткөөлдөн өтүп бара жаткан эркекти сүзүп, анын өлүмүнө алып келди. Кадрларда «тез жардам» унаасы 7-Апрель көчөсү менен катуу ылдамдыкта бара жатып адамды сүзүп алганын көрүүгө болот.
Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы Reporter.kg агенттигине бул маалыматты тастыктады. Алардын билдирүүсүндө, жол кырсыгы кечээ, 30-октябрда, болжол менен саат 19:00 чамасында болгон. «Тез жардам» унаасы түндүк багытта бара жатып, 68 жаштагы Ш.С. аттуу жаранды сүзүп алган. Ал оор абалда — ачык баш мээ травмасы жана мээнин катуу жабыркашы менен ооруканага жеткирилген. Бирок реанимация бөлүмүндө эсине келбей көз жумган.
Бул факт ЖУИге катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар