Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууландыКР бажычылары Түркиядан этил спиртинин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту
Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук берилет
03.11.2025 | 11:50

Бишкек шаарында бүгүнтөн тарта жылуулук берүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук бир нече этап менен берилет.
Биринчи кезекте социалдык маанидеги объектилерге — мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо уюмдарына берилет.
Андан соң көп кабаттуу турак үйлөр менен жеке секторго жылуулук туташтырылат.
Мэрия шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жылуулук берүү процесси бир нече күндүн ичинде толугу менен аяктай турганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом