ЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдү
Сербияда массалык нааразычылык акциясы өттү
03.11.2025 | 12:21

1-ноябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында 39 миңге жакын адам катышкан ири нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМине шилтеме берип, РБК жазды.
Акция былтыр темир жол бекетиндеги бастырма кулап, 16 адам каза болгон кырсыктын бир жылдыгына арналган. Эл курман болгондорду эскерүү жана бийликтин аракетсиздигине, коррупция менен реконструкциядагы шалаакылыкка каршы чыгуу үчүн көчөгө чыккан.
Сербиянын Ички иштер министрлиги акцияны катуу айыптап, айрым катышуучулар коомдук жыйындын катышуучуларына пиротехника жана башка буюмдарды ыргытышканын билдирди. Мекеме күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүрүп жатканын маалымдады.