Кыргызстандын каржы сектору бир жыл ичинде капиталын эки эсеге көбөйтүп, кардарлар базасын 25 млн адамга жеткирдиЖайыл районунун базарларында быйылкы сезондун алгачкы кулпунайы сатыкка чыктыМамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды — КР президенти мыйзамга кол койдуЭң көп мүлк камсыздандырылат: бардык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн үчтөн бири ушул тармакка туура келетДастан Бекешев мектеп программасын жана шарттарды кайра кароону сунуштадыМамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды — КР президенти мыйзамга кол койду
Ашууларда жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унааларга тыюу салынды
04.11.2025 | 13:49

Бүгүн, 4-ноябрда “Сосновка” жана “Арал” постторунда унаалардын дөңгөлөктөрү текшерилүүдө.
Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Мекемеден билдиришкендей, жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалар ашууларга өткөрүлбөйт.
Учурда жол тазалоо жана кум-туз себүү иштери уланууда. Айдоочулардан жол эрежелерин сактоо, каршы тилкеге чыкпоо жана унааларын кышкы абалга даярдоо талап кылынууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом