Автомектептердин реформасы: Айдоочулук этика сабактары киргизилет

05.11.2025 | 12:29

Мамлекеттик автомектептерде айдоочулук этика боюнча сабактар окутула баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди.

Анын айтымында айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн окутуунун азыркы программасы 2,5 айга гана созулуп, бул убакта келечектеги айдоочулар машинага отуруп, алдыга, артка айдаганды гана үйрөнүшүүдө.

Учурда жаңы киргизилип жаткан программа 1 жыл 4 айга созулуп, анда унаа тууралуу жалпы түшүнүк берүүдөн тышкары, дөңгөлөк алмаштыруудан айдоочулук этикага чейин окутулат.

“Өзүнөр карагылачы, бүгүнкү күндө кандай биздин этикабыз бар? Эң жөнөкөйү унааны айдоонун этикасы жөнүндө сабак жок. Ошол сабакты киргизген атабыз.

Себеби, машинеде баратканда тыгында турса же алдынан чыга койсо, аркасынан кууп жетип барып, сөгүнөт, урушат же мушташ болот. Ушунун баары бүгүнкү күндө айдоочулук этиканын жоктугуна байланыштуу болуп атат”,- деп билдирди ал.

Scroll to Top