Бүгүн, 6-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот

06.11.2025 | 09:00

Бүгүн, 6-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык жана булутту болот. Ал эми Ысык-Көл облусунун тоолуу жана дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 0…6°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -7…-9°C, күндүз +2…+4°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 0…+2°C, күндүз 8…10°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 0…2°C, күндүз 8…10°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 0…2°C, күндүз 6…8°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-4°C, күндүз 2…6°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -9…-11°C, күндүз 0…2°C болот.
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°C, күндүз +2…+4°C болот.
Scroll to Top