Кыргызстан алтын менен камсыздалган алгачкы улуттук стейблкойнун ишке киргизди
Кыргызстанда АКШ долларынын курсуна 1:1 катышында байланган USDKG аттуу биринчи мамлекеттик стейблкойн ишке киргизилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул санариптик валюта алтын менен камсыздалып, эл аралык эсептешүүлөрдө жана соода операцияларында колдонулат.

Долбоордун баасы 438 480,75 сомду түзгөнүн «Ачык бюджет» порталынын маалыматтарынан билүүгө болот.
Жаңы актив Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (Финназзор) мамлекеттик каттоосунан өткөн. Анын эмитенти — «Виртуалдык активдердин эмитенти» ачык акционердик коому, ал эми жалгыз негиздөөчүсү — Каржы министрлиги.
Ошентип, USDKG Кыргызстан тарыхындагы алгачкы расмий мамлекеттик санариптик актив болуп калды.
Эске сала кетсек, октябрь айынын аягында Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстан улуттук стейблкойн ишке киргизгенин билдирип, бул кадам өлкөнүн санариптик экономикасынын өнүгүшүндө маанилүү этап экенин белгилеген.