Тамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жокКыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледиMUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңдиЧүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү3-мартка карата аба ырайы
Новопавловкада айдоочу аялды унаанын эшигине кыпчып сүйрөп кеткен
05.12.2025 | 12:31

26-ноябрда Чүйдүн Новопавловка айылында эркек киши аялды унаанын эшигине кыпчып сүйрөп кеткен.
Байкоо камераларына тартылган видеодо киши күйүүчү май саткан жеке сатуучудан унаасына өзү билемдик менен май куюп алганын көрүүгө болот.
Сатуучу аял акчаны алуу үчүн унаага жакындаганда, айдоочу унаага отура калып, качып кетүүгө аракет кылган. Унаанын эшиги ачык болгондуктан, аял аны кармап турган. Бирок айдоочу газды басып, аялды эшикке кыпчыган абалда сүйрөп кеткен. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.
Коопсуздук кызматкерлери айдоочунун ким экенин жана окуянын чоо-жайын тактап жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар