Бишкектин борборунда жигит байланган видео: Атасы уулун тынчтандырууга аракет кылган — ШИИБ
Бишкек шаардык милициясы Москва көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде болгон окуянын чоо-жайын ачыктады. Түндө көчөдо эркек кишини жип менен байлап, сабап жатканы тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан эле.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын катышуучулары аныкталды. Видеодо үй-бүлөлүк чыр тартылганы, тагыраагы, атасы өз уулун байлап жатканы белгилүү болду.
Үй-бүлөнүн маалыматында
Милиция жигиттин апасынан маалымат алган. Анын айтымында, уулунун ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө көптөн бери татаал мамиледе болуп келген. Туугандары аны дарылоо үчүн медициналык мекемеге жаткырууга бир нече ирет аракет кылышкан, бирок жигит кескин түрдө баш тартып келген.
Ошол түнү дагы аракет көрүлүп, ал көчөдөгү жаңжалга айланып кеткен. Үй-бүлөнүн өтүнүчү менен укук коргоо органдары диагнозго жана жеке жашоого байланыштуу башка маалыматтарды ачыкка чыгарган жок.