Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Кыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашат
08.12.2025 | 14:22
Бүгүн, 8-декабрда Дубайда бокс боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык этабы башталат. Рингге 6 кыргызстандык спортчу чыгат, алар турнирдин кийинки этабына чыгуу үчүн ат салышат.

Мелдештин бешинчи күнү 56 беттеш өткөрүлөт. Кыргыз мушкерлери өз беттештерин эки сессияда: күндүз (19:00) жана кечки (23:00) өткөрүшөт.
Түштөн кийинки сессияда:
- Алмаз Орозбеков (67 килограммга чейинки салмак ченинде) Ховханнес Бачковго каршы (Армения)
- Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг чейин) Жавохир Умматалиевге каршы (Өзбекстан)
- Бакыт Токтосун уулу (92 кг чейин) Менен Андрей Заплитный (Молдова)
Кечки сессияда рингге чыгышат:
- Анвар Ходжиев (48 килограммга чейинки салмак ченинде) Шодижон Меликузиевге каршы (Өзбекстан)
- Рыспек Бектенов (60 кг чейин) Арилсон да Силва Гонсалвеске каршы (Бразилия)
- Мырзакир Кошалиев (92 кг жогору) менен Жорж Холго (Жаңы Зеландия)
Турнир эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) колдоосу астында өтүүдө.
Рубрики: Спорт