Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бишкекте жогорку окуу жайдын мугалими аялын сабаганы үчүн камалды
11.12.2025 | 12:10

Бишкекте жогорку окуу жайдын мугалими үй-бүлөлүк зомбулук фактысы менен камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрга, караган түнү саат 00:25 чамасында «102» кызматына 11-микрорайондо зомбулук көрсөтүлгөнү билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барып, 37 жаштагы эркек киши жубайын сөгүп, кол көтөргөнү тастыкталган.
Эркек киши Тергөө кызматына жеткирилген. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милициянын маалыматында, кармалган жаран Ж.Т. борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу болуп эмгектенет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар