Кыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда

26.12.2025 | 16:57

Кыргызстанда азыркы тапта 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн.

Министрлик фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо иштери жүргүзүлөрүн жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар караларын билдирди. Ошондой эле мындай үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо жана кам көрүү талаптарынын сакталышы көзөмөлдөнүп турат.

2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланганын

Маалымат үчүн: Фостердик үй-бүлө – баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялоонун убактылуу формасы. Ал келишимдин негизинде ишке ашат. Атайын окуудан өткөн Кыргызстандын 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандары убактылуу ата-эне боло алышат.

Балдар асырап алуу же камкордукка алуу мүмкүн болбогон учурларда фостердик үй-бүлөлөргө берилет. Бала багуу келишими кыска мөөнөттүү (бир нече сааттан бир айга чейин) же алты айдан ашык узак мөөнөттүү болушу мүмкүн.

Scroll to Top