Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Бишкекте хоккей боюнча (U20) дүйнө чемпионаты башталды. Кыргызстандын курамасы Гонконгду жеңди
19.01.2026 | 09:53

Бишкек шаарында хоккей боюнча U20 жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Чемпионаттын алгачкы күнүндө Кыргызстандын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешти. Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы Гонконгдун командасын 4:1 эсебинде жеңип алды.
III дивизиондун B тайпасы боюнча чемпионат 24-январга чейин өтөт. Ага Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт