Бишкекте дарыгер-нефролог кармалды. Министрлик ишти тең салмактуу териштирүүнү талап кылды

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгер-нефрологу Насира Бейшебаева кармалганы айтылууда. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги расмий маалымат берип, дарыгер боюнча иликтөө иши укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматында, министр Каныбек Досмамбетов компетенттүү мамлекеттик органдар менен байланышып, ишти медициналык жана эксперттик корутундуларды эске алуу менен калыс кароо зарылдыгын билдирген. Ошондой эле ал дарыгерге карата эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.
“Саламаттык сактоо министрлиги тең салмактуулукту жактайт. Мыйзам бузууларды жашырууга жол берилбейт, бирок медицина кызматкерлерин негизсиз куугунтуктоого да жол берилбеши керек”,- деп билдирди мекеме.
Дарыгер кайсы ишке шектелип кармалганы белгисиз. Учурда укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эмгек жамааты өлкө башчы Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашып, ар тараптуу жана адилет иликтөө жүргүзүүнү, ошондой эле Насира Бейшебаеваны эркиндикке чыгарууну өтүнүшкөн.