Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Кыргызстан Индиянын аскердик-деңиздик машыгууларына катышууда
20.02.2026 | 14:06
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Тариэль Отонбаев баштаган Кыргызстандын Коргоо министрлигинин делегациясы «Милан-26» көп тараптуу аскердик-деңиздик машыгууларына жана Эл аралык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кароосуна (IFR-26) катышууда. Иш-чаралар 17-февралдан 20-февралга чейин Индиянын Вишакхапатнам шаарында өтүүдө.
Сапардын алкагында Тариэль Отонбаев Индиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн штаб башчысы, адмирал Динеш Кумар Трипатхи менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулап, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Индия