Казакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштырууда
Казакстандын «Отбасы банкы» туунду түзүмдөрдү түзүү жолу менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул кадам каржы институтунун ишин ар тараптандыруу (диверсификациялоо) жана географиялык катышуусун кеңейтүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
Аймактын жигердүү өнүгүшү жана окшош тарыхый-маданий шарттардан улам Борбордук Азия банк үчүн артыкчылыктуу багытка айланды. Трансформациялоонун алкагында банк жаңы багыттарды: исламдык каржылоону, лизингдик инструменттерди жана инвестициялык долбоорлорго катышууну өнүктүрүүнү пландаштырууда.
Мында казакстандык бюджеттик субсидиялоо программаларын экспорттоо каралган эмес. Чет элдик рынокторго чыгуу боюнча акыркы чечим тобокелдиктерди жана экономикалык максатка ылайыктуулукту баалагандан кийин кабыл алынат.