Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
УКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалды
09.03.2026 | 16:16

УКМК Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун Сузак району боюнча лидери («масул») М.Н.Э. кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, кармалган жаран Кыргызстандагы жана дүйнөлүк «Хизб ут-Тахрир» системасынын өкүлдөрү менен байланышта болгон. Ал облус аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу, тийиштүү материалдарды таратуу жана уюмду каржылоо үчүн каражат чогултуу менен алектенген.
Учурда М.Н.Э. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК уюмдун башка мүчөлөрүн жана түзүмдүк уячаларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар