Кыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрүЭрулан Кокулов президентке министрлердин депутаттарды кабыл албай жатканына даттандыТүштүктүк түндүккө, түндүкдүк түштүккө барат: Президент студенттер ротация болорун жарыяладыКыргызстандын банктарына чет өлкөлөрдө филиалдарын ачууга уруксат берилди: Садыр Жапаров жарлыкка кол койдуЖККУ Беларуста биологиялык коркунучтардан коргонуу боюнча «Барьер-2026» машыгууларын өткөрөтЧүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалды
Ала-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды
11.03.2026 | 10:09

Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымына, Ала-Бел ашуусуна, кар көчкү түшүп, жол бардык унаалар үчүн эки тараптуу убактылуу жабылды.
Транспорт министрлигинин маалыматында, көчкү 9-мартта эртең мененки саат 6:50дө түшкөн.
Учурда №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кыймылды калыбына келтирүү боюнча кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом