Бишкектин тургундары үйлөрдүн жанында жүрүп жаткан кооптуу курулушка нараазыКыргызстан АПВга каршы эмдөө менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирдиБишкекте «Өлбөс полктун» каттамы бекитилди: Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейинБизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам беретДепутат мектептик тамактанууга бөлүнгөн каражатты 50 сомго чейин жогорулатууну сунуштадыӨзгөндө бала бакчанын директору тарбиячы менен мушташкандан кийин кызматынан четтетилди
Билет алып берем деп, жарандарды 15 млн сомго алдаган. Лейлекте шектүү жаран кармалды
12.03.2026 | 13:29

Лейлек районунда авиабилет алып берүү шылтоосу менен жарандарды алдап жүргөн 25 жаштагы А.Х. кармалды.
Баткен облустук милициясынын маалыматында, шектүү Раззаков шаарындагы авиакассалардын биринде иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, авиабилет алып берем деп акча каражаттарын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн. Бул боюнча милицияга 13 жаран арыз менен кайрылып, келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млн сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар